Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын парламентарийлери менен кызматташуунун келечектерин талкуулады



Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда Токио шаарында Гэн Накатани жетектеген "Кыргыз - Япония" парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир алышуу болду. Сооронбай Жээнбеков Япониянын тарыхый окуясы - император Нарухитонун такка отуруу аземине катышуу ал үчүн сыймык экендигин, байыркы япон салттарынын сакталып келиши ага чоң таасир калтырганын белгиледи.
Ал жаңы императордун такка отуруусу менен куттуктап, япон элине өнүгүүнү жана жакшылыктарды каалады. Кыргыз мамлекети Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.
"Япония бизге түрдүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сезилээрлик жардам берүүдө. Ошондой эле Кыргыз мамлекетиндеги парламентаризмди бекемдөөгө көмөгүн белгилеп кетким келет", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз мамлекетинин экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча кызматташуу жөнүндө айтып жатып, ал өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде япон инвесторлору үчүн да ачык экенин белгиледи.
"Биз инвестициялык чөйрөнү мындан ары жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштерди алып баруудабыз. Өлкөнүн мыйзамдык базасы инвесторлор үчүн керектүү шарттарды камсыздайт. Биз чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Япониядан да ири компания жана корпорацияларды тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз", - деди Сооронбай Жээнбеков.
"Кыргыз-Япония" парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү Кыргыз мамлекетинин чоң туристтик потенциалга ээ экенин айтышты. "Сиздердин жаратылыш абдан кооз, абасы, суусу таза. Суу-энергетикалык ресурстардын чоң запастары бар. Булардын баары Кыргыз мамлекети үчүн баа жеткис байлык", - деп белгилешти.
Алар ошондой эле экологиялык жактан таза азыктардын жана ошону менен бирге кыргыз балынын артыкчылыктарын белгилеп, Сооронбай Жээнбековго япон дүкөнүнөн алынган Кыргыз мамлекетинин балын тартуулашты.



