super.kg logo

Депутат өкмөттү энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды

 

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Талкуу жүрүшүндө депутат Марат Аманкулов өкмөттү энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды. "Парламент энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам кабыл алды. Бирок өкмөт мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыкмайынча аталган мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес", - дейт Аманкулов.

Депутат мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө төлөмдөрдү накталай жүргүзүү коррупциянын башкы элементи болуп каларын белгиледи. Андыктан төлөмдөрдү, эсеп-кысаптарды накталай эмес жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

"Маселен Транспорт жана жолдор министрлиги оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө пункттарына төлөм терминалдарын орнотуусу кажет. Бул чара төлөм төлөөдөгү ачык-айкындуулукту камсыздоого көмөкчү болот", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: