2020-жылдын март айынан тарта калкты каттоо башталат
2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин калкты каттоо иштери башталат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ага ылайык, "Эл каттоо" программасынын алкагында турак жай фондусунун маалыматтары да катталары айтылды.
"Биздин расмий сайтыбыздан иш-чарага карата даярдыктар тууралуу маалымат алса болот. Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынуучу чечимдер жөнүндө дагы маалымат берилип турат. Жарандардын суроолоруна жооп берүүгө адистер даяр", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, калкты каттоо боюнча маалыматты социалдык тармактар аркылуу да билсе болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.