super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында 12 маселе каралып жатат

 

Бүгүн, 23-октябрда Бишкек мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаардык кеңештин кезектеги XXVI сессиясынын күн тартиби каралып жатат. Отурум Бишкек шаардык кеңештин спикери Жаныбек Абировдун төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сессиянын кароосуна 12 маселе киргизилген. Алардын ичинен ар түрдүү багыттагы 7 маселеге дагы орун берилген.

Алар:

1. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери үчүн жер тилкелерине укук белгилөөчү документтер жөнүндө;

2. Кыргыз өлкөсүнүн "жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүн талкуулоо;

3. Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жаштар коммитетин түзүү жөнүндө;

4. Фучик көчөсү 1 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын куруу жана ишке ашыруунун аткаруунун жүрүшү жөнүндө;

5. Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлигинин "Өлкөнүн жалпы билим берүүчү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө" буйругунун аткарылуусу жөнүндө;

6. Бишкек шаарындагы экологиялык абал жөнүндө маалымат (шаарды каптаган кара түтүн, полиэтилен баштыктары);

7. Муниципалдык 8 батирди сатуу жөнүндө маалымат каралат.

Отурумга шаардык кеңештин депутаттары, мэр Азиз Сурахматов, вице-мэрлер, шаардык кызматтар, спикер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: