Депутат окуучуларга ысык тамак берүүдө санитардык нормаларды дагы сакташ керектигин айтты
Кыргыз өлкөсү боюнча жалпы 2265 миң мектеп болсо, анын ичинен 1485 миң мектепке ысык тамак берүү уюштурулду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Тариел Жоробеков ысык тамак берилген ашканаларды санитардык нормаларга келтирүү боюнча так укуктук норманы иштеп чыгыш керек экендигин айтты.
Депутат Улугбек Ормонов мектептерде ысык тамак берүүгө багытталган мыйзам долбооруна каршы эместигин билдирди. "Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын", - деди ал.






1 |