Тоң районундагы селден улам “Туздуу-Көл” эс алуучу жайына бара турган жолдо ылайга тыгылган унаа чыгарылды
12-августта саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Натыйжада Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 61-64-чакырымындагы жолдун эки тарабын суу жеп, 61-чакырымдагы көпүрөнү сел каптаган. Ошондой эле “Туздуу-Көл” эс алуучу жайына баруучу унаа жолдо 15 унаа аталган аймакка жете албай ылайга тыгылып калган. Унаа жолду тазалоо үчүн 1 грейдер жана 1 жүк жүктөгүч техника тартылып, саат 18:00дө жол толугу менен тазаланып, жол ачылган жана унаалар Тоң РИИБи тарабынан чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.