super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи? Мирлан Жээнчороев: "Келерки шайлоого чейин 9 пайыздык босого чекти сөзсүз өзгөртүү керек"

 

Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Кечээ, 22-октябрда бир топ саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар чогулуп, шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу талкуулашты. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?" деген собол салды.

Депутат Мирлан Жээнчороев шайлоо босогосун 5 пайыз кылуу боюнча сунуш даярдап жатканын айтты. "Негизи босоголук чекти төмөндөтүү боюнча демилгени колдоо керек. А бирок 3 пайыздык чек, биздин өлкө үчүн өтө аз болуп калат. Себеби учурда партиялар абдан көп. 3 пайыздык босого чекти алуу үчүн 50 миң гана добуш керек. Андыктан 5 пайыз кылсак, ортодогу баланс сакталат. Ал эми шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: