super.kg logo

Новосибирсктеги Кыргыз жарандары катышкан массалык мушташка катышкандарга кошумча дагы кылмыш иши козголду

 

Ушул жылдын 7-октябрында Новосибирск шаарындагы Хилокск базарында болгон массалык мушташта эки уюшкан топтун мүчөсү кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

"7-октябрда Хилокск базарында чыккан массалык мушташта Кыргыз жарандары катышып, ок атышуу да болгон. Бул окуядан кийин 25 адам кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1988-жылы Кара-Суу районунда туулган А.А жана 1990-жылкы П.Н. аттуу Новосибирск тургуну кармалган.

Окуядан кийин базарда иштеген жүздөн ашык адам А.А.нын уюшкан кылмыштуу тобунан көп убакыт бою жабыр тартып келгенин полицияга айтышкан. Мындан улам А.А.га дагы 12 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кылмыштуу топтун дагы он мүчөсүнүн аты-жөнү такталган. Алардын бардыгы Ош облусунда туулган жарандар экендиги анык болгон.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ушул адамдардан жапа чеккен жарандар болсо Орусиядагы Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрылгыла", - деп айтылат маалыматта.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: