super.kg logo

ӨКМ: "Быйыл 9 айда өрттөн 34 жаран каза болду"

 

Быйыл 9 айда өрттөн 34 жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча коллегиясында белгилүү болгонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 айда 2 990 өрт кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 21,2 пайызга азайган. "Келтирилген материалдык чыгым 556 миллион 201 миң 22 сомду түзөт. Былтыркыга салыштырмалуу 26,3 пайызга азайган. 2018-жылы материалдык чыгым 754 миллион 262 миң 778 сомду түзгөн. Өрт кырсыктарынын азайгандыгынын себептери болуп, ӨКМ өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабына өрттүн алдын алуу иштеринин күчөтүлгөндүгү, маалымат каражаттары аркылуу байма-бай чагылдыргандыгы жана элдин коопсуздук эрежелерине көңүл бургандыгы болуп эсептелинет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: