Өкмөттө "Акжол" көзөмөл-өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө жана жаңылоо маселеси боюнча жыйын өттү







Өкмөттө "Акжол" көзөмөл-өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө жана жаңылоо маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө документтердин сметалык долбоору даярдалганы, бир катар финансылык жана уюштуруу маселелери чечилип жатканы белгиленди.
Жеңиш Разаков тармактык мамлекеттик органдарга курулуш иштерин баштоо үчүн даярдык иштерин тездетүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.