super.kg logo

Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум эртеңкиге жылдырылды

 

Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрдагы сот отурумунда айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан соттук отурумга "ТВЕА" компаниясынын ɵкүлүн кɵрсɵтмɵ берүү үчүн чакыруу ɵтүнүчү келтирилди. Тараптардын пикирин эске алуу менен аталган ɵтүнүч канааттандырылды. Андан кийин жактоочу тарабынан өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин дарегине соттук талап жиберүү ɵтүнүчү сот тарабынан канааттандыруусуз калтырылды.

Айыпталуучу Осмонбек Артыкбаевдин жактоочу тарабынан келтирилген ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу ɵткɵрүлгɵн мамлекеттик экспертизанын жыйынтыгына кол койгон эксперттерди сот отурумуна чакыруу жана суроо ɵтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.

Сот отурумуна күбɵлɵрдү чакыруу үчүн сот отуруму эртең, 24-октябрь саат 9:00гө жылдырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар жакшы ниет менен эле Бишкек ЖЭБ оңдолуп калса экен деген ниетте Кытайдан карыз алуу долбоорун колдоп берсе жогоруда сүрөттө турган шүмшүктөр акчаны жеп алып, катуу сууктун жардамы менен булардын айыбы ачылды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: