Жогорку Кеңеште өлкө мектептериндеги башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүүнү мыйзамдаштырууга багытталган долбоор колдоо тапты
Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова мыйзам долбоорун жалпы жыйынга алып чыкты.
"Башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Бирок бул жүрүм мыйзам түрүндө бекитилген эмес. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Талкууда депутаттар ысык тамак даярдоого керектелген айыл чарба өнүмдөрүнүн сапаты ким тарабынан көзөмөлдөнөрүн такташты. Ошондой эле эл өкүлдөрү, айрыкча дотацияда отурган айыл өкмөттөрүндө ысык тамак берүүдө ашканалардын талапка жооп бербеген абалда тургандыгын айтып, Билим берүү, илим министрлигин ушул багытта иш алып барууга чакырышты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапты.



