super.kg logo

"Манас" аэропортундагы унаанын багажынан дайынсыз жоголгон эркек кишинин сөөгү табылды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну ички иштер органдарына бир тууган байкеси 22-октябрь күнү саат 21:20 чамасында аэропортту көздөй чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин айтып арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 23-октябрь күнү саат 20:00 чамасында унаанын багажынан изделип жаткан адамдын жансыз денесин табышкан. Денеге алдын ала кароо жүргүзгөндө маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Анын аты-жөнү аныкталып, 39 жаштагы К.Х. аттуу жаран экени аныкталган. Учурда бул иштин бетин ачууга Чүй ОИИББинин Сокулук РИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, иликтөө иштери башталды. Ошондой эле бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми айрым маалыматтарда маркумдун жансыз денеси табылган машина "Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.10.2019. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тообо кылдым ээ не деген заман болуп атат, табылып калсын эми, бардык жерде камера бар табышат го дейм оной эле
24.10.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аэропортко чейин маинасын айдап барып токтотуп, учуп кетсе керек. Болбосо аяка эмнеге токтотуп кетет.
24.10.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiba_00,түшүнүп окусаң
24.10.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Киши өлүмүнө кимдин колу барган болсо ошолорду мыйзам чегинде катуу жазалоо зарыл. Милиция кызматкерлери мындай окуяларды болтурбоо аркетин көбүрөөк көрүү керек.. Анткени окуя орун алгандан кийин анын пайдасы жок. Алдын алуу чараларын киргизүү зарыл.
24.10.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эч ким жанына акча алып журбойт банктан которот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: