Бишкекте таза суу акысы кымбаттады. Жаңы тарифтер 15-ноябрдан тарта күчүнө кирет
Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерин бекитүү жөнүндөгү" долбоор талкууланды. Тарифтер боюнча долбоорлор 4-июлда Бишкек шаардык кеңештин сайтында жарыяланган.
Жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарифтерди жогорулатуу боюнча долбоорду колдошту. Жаңы тарифтер 2019-жылдын 15-ноябрынан тарта күчүнө кирет.
Суу менен жабдуу – ичүүчү сууну берүү (1 куб метр үчүн) калкка 8 сом 10 тыйын болсо, бюджеттик уюмдар үчүн 9 сом 10 тыйын. Ал эми башка колдонуучулар үчүн тариф 13 сомду түзөт. Ал эми сууну бөлүштүрүү, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо (1 куб метр үчүн) салыксыз калк үчүн 2 сом 30 тыйынды түзсө, бюджеттик уюмдар үчүн 3 сом, ал эми башка колдонуучулар 6 сом төлөшөт.







1 |