super.kg logo

Депутат Рыспаев "парламентке ток адамдар келиши керек" деп эмненин негизинде айтканын түшүндүрүп берди

 

Депутат Кожобек Рыспаев "парламентке ток адамдар келиши керек" деп эмненин негизинде айтканын түшүндүрүп берди.

"Журналисттер "Парламентке жалаң акчалуу адамдар эле келиши керекпи?" деп суроо беришти. Анда мен парламентке үй-бүлөсү ачка эмес, мамлекетке кызмат кылам деген адамдар келсе жакшы болот эле деп жооп бердим. Депутат болом дегендер көбөйүп кетти. Ал үй-бүлөсүн багабы же элге иштейби? Ошон үчүн мамлекеттик кызматта жүрүп байыбаган, өзүнүн ак эмгеги менен акча тапкан адамдар келсе туура болот. Ток адамдар деп жалаң байлар келиши керек дегенди түшүндүрбөйт. Ар бир адамдын эл үчүн иштей турган убактысы келет. Мисалы, мен 50 жашка жакындап калганда бала-бакырамды камсыз кылып, парламентке келдим. Аялым, балдарым ачка болсо элге кантип кызмат кылмак элем?", - деп Рыспаев SUPER.KG порталына билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.10.2019. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кругозор 9 класс...Канчалаган милиция,мугалим,врачтар уй жайы жок эле элге кызмат кылып иштепжурот.Эмне учун парламентке уй жайы бар акчалуу келиш керек?Азыр Кыргызстан да ачка калган уй було жок, Кудайга шугур!Билимдуу жаштар келиш керек деп айтып жур Кожо
25.10.2019. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пейили ток адам келиши керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: