super.kg logo

Депутат "Коопсуз шаар" долбоорунда видеокөзөмөлдөрдү жалпы коомчулуктун коопсуздугун эске алуу менен орнотуу зарыл экенин айтты

 

Депутат Бакирдин Субанбеков "Коопсуз шаар" долбоорунда видеокөзөмөлдөрдү жалпы коомчулуктун коопсуздугун эске алуу менен орнотуу зарыл экенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жакында бизнесменди уурдап өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, аны "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөлдөрдүн жардамы ачышыптыр. Демек, бул долбоор жол коопсуздугун эле сактабастан, кылмыштарды ачууга көмөк көрсөтөт экен. "Коопсуз шаар" долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда видеокөзөмөлдөрдү жол коопсуздугун сактоого гана ылайыктабастан, жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алуу менен орнотуу зарыл. Ошондо көптөгөн кылмыштардын бети ачылат деген ойдомун", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: