Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды



Бүгүн, 24-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт мамлекетинин эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду. Мамлекет башчы Кувейт тарапка ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөктөшүүсү жана өлкөнүн калкынын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети Кувейт менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары аймактык өнүктүрүү, айыл чарба, санариптештирүү, социалдык объектилерди куруу жана туризм тармактарын атады.
Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатук Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргыз калкынын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн мындан ары да социалдык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Ал ошондой эле Кувейт тарап Кыргыз мамлекети менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.












1 |