super.kg logo

"Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөсүндө Кыргыз мамлекетинде өзүн жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө катары көрсөтөт" дейт вице-премьер

 

"Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөсүндө Кыргыз мамлекетинде өзүн жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө катары көрсөтөт. Бул тууралу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында EXPOнун эл аралык катышуучулар департаментинин башчысы Андре Доурадо менен болгон жолугушууда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жумуш сапарынын алкагында 4,38 гектер жерди ээлеген ЭКСПО-2020 аянтында болуп, анда Кыргыз Республикасы үчүн курулуп жаткан павильонду көрдү. "Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөнүн уюштуруучулары Кыргыз Республикасын 2 кабаттуу павильон менен камсыз кылууда. 200 чарчы метрди ээлеген биринчи кабатындагы аянтчада көргөзмө стендтер жайгашса, экинчи кабаты эки тараптуу жолугушууда өткөрчү кеңсе катары курулган.

Эл аралык катышуучулар департаментинин башчысы Андре Доурадо Кыргыз Республикасына көрсөтүлө турган кызмат жана шарттар тууралуу айтып берди.

"Жакынкы Чыгышта биринчи жолу өткөрүлүп жаткан ЭКСПО биздин катышуучуларга жаңы рынокторду ачып, жаңы кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп ишенебиз. Бул иш-чараны дүйнө жүзүнөн миллиондогон көрүүчүлөр келип, алар ЭКСПОнун катышуучу-өлкөлөрдүн, ошону менен бирге Кыргыз мамлекетинин маданияты, каада-салты, тарыхы, экономикасы, жетишкендиктери менен тааныша алат", - деди Андре Доурадо.

Өз учурунда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров уюштуруучулар тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамга ыраазычылыгын билдирди.

"Дубай ЭКСПО-2020" бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү Дубай шаарында 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт жана Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб өлкөсүндө биринчи жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болот. Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион кишинин келүүсүнө ылайыкталды – алардын 70 пайызы чет элдиктер болот. Бул ЭКСПОнун тарыхында катышууга чет элдиктердин көп чакырылганы биринчи жолу болууда. Иш-чарага 180 өлкөнүн катышары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.10.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер эмнени көрсөтөт ал жерде?
25.10.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elchi84, сол чонтоко урмайды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: