super.kg logo

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференциясы өттү

 

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошконун эске салып, экономикалык, социалдык жана маданий фундаментин түзүп кеткенин баса белгиледи.

"Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон таасири баа жеткис. Чыгаан инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү бардыгыбыз үчүн үлгү болуп саналат. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүндө чыныгы мекенчил жана анык мамлекеттик ишмер катары элине кызмат өтөдү. Дүйнөдө Сингапурдун чыныгы улут атасы Ли Куан Ю болсо, биздин өлкөбүздө чыныгы "улут атасы" деп Турдакун Усубалиевди атагыбыз келет", - деп белгиледи ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: