Жалал-Абадда ардагер милициялар жаңы төрөлгөн ымыркайларга белек беришти





Жалал-Абад облусунда "Ардагерден бир белек" акциясы 24-октябрда өткөрүлдү. Бул иш-чара учурунда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын ардагерлери шаар-райондордогу төрөт үйлөрүнөн кабар алышты. Ардагерлер бүгүн жаңы төрөлгөн ымыркайларга өздөрү демилгелеп, даярдап барышкан белектерин тапшырышып, ымыркайларга ырыскы, кең келечек тилеп, ак баталарын берип кайтышты. Өз учурунда мындай белекти күтпөгөн, ансыз деле аман-эсен көз жарып, бала жытына бөлөнүп кубанычтары койнуна батпай турган энелер уул-кыздары келечекте кыргыз мамлекетинин керегине жараган эр-азаматтардан болушун каалашып, ардагерлерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.