super.kg logo

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Кочкор районунда мектеп окуучулары жана жаштар флешмоб өткөрүштү (видео)

 

Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата Нарын облусунун Кочкор районунда мектеп окуучулары жана жаштар кечээ, 24-октябрда флешмоб өткөрүштү. Аталган флешмобдун уюштуруучулары Кочкор жаштар кеңеши коомдук бирикмеси жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү. Бул тууралуу Кочкор жаштар кеңешинин коомдук бирикмесинен билдиришти.

Флешмобдун негизги максаты мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өзүнүн туулуп-өскөн жеринде жогорку деңгээлде белгилөө жана жаштарга улуу инсан жөнүндө маалыматты жеткирүү болуп эсептелинет.

Флешмобго Кочкор районунан 1230 окуучу катышты. Анда окуучулар Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдында "Турдакун Усубалиевге 100 жыл" деген жазууну катар тизилип жазышты. Иш-чарага Кочкор районунун акими баштаган бир катар мекеме жетекчилери катышып, улуу инсандын басып өткөн жолунан маалымат айтуу менен жаштарга Турдакун Усубалиевдей эл үчүн эмгек кылуу керектигин айтып өттү. Флешмобдун жыйынтыгы менен активдүү катышкан мектептерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.






Кочкордо Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата окуучулар флешмоб өткөрүштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
25.10.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана керемет жаштарыбыз бар. Озубуздун ата бабаларыбызды дантайлы, барктайлы, туу туталы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: