super.kg logo
  Спорт  

Канатбек Маматов Түркия футбол федерациясынын президенти Нихат Өздемир менен жолугуп, эки тарап кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү

 

Стамбул шаарында Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Түркиянын футбол федерациясынын президенти Нихат Өздемир менен жолукту.

Жолугушууда Нихат Өздемирден тышкары, вице-президент Йылмаз Бүйүкайдын, башкы катчы Кадир Кардаш, УЕФАнын аткаруу комитетинин мүчөсү Сервет Ярдымжы да болду. Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн кызматташуусу талкууланып, машыктыруучулар, калыстар жана башка кызматкерлер ортосунда тажрыйба бөлүшүп туруусу талкууланды. Ошондой эле эки өлкө ортосунда жолдоштук беттештерди уюштуруу жана кыргыз командаларынын Түркияда машыгуу сборлорун өткөрүп туруу боюнча да сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары, түрк тилдүү футбол федерациялар ортосундагы кызматташуу маселеси козголду. Түрк тарап кыргыз футболун колдоого даяр экендигин билдирди.

Нихат Өздемир Түркия футбол федерациясынын президенти болуп 2019-жылдын 1-июнунда шайланган. Ал Түркиядагы эң ири ишкерлердин катарын толуктап, Forbes журналы боюнча 1 миллиард 700 миллион кирешеси бар экендигин жазган. Нихат Өздемирдин Limak Holding компаниясы Стамбулда эки аэропорт, Франция, Косово жана Орусиядагы аэропортторду кургандыгы менен белгилүү.

Түркия ФИФАнын жаңы рейтингинде 32-орунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: