super.kg logo

2019-жылдын ичинде Кыргызстандын 1300+ шаар жана айылдары О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнү менен камсыздалды

 

Кыргызстандын 4G LTE-лидери бүт өлкө боюнча төртүнчү муундун түйүнүнүн сапатын жакшыртууну улантууда. Бул жумуштардын натыйжасында О! Мобилдик операторунун 4G LTЕ түйүнүнүн сыйымдуулугу акыркы жылда 2,5 эсеге өстү.

Кыргызстандыктар үчүн бул эмне дегендик?

Жалпысынан 2019-жылы мобилдик интернеттин 4G-ылдамдыгынын жана байланыш сапатынын жакшыргандыгын алыс жайгашкан 1300дөн ашуун калктуу конуштардын тургундары байкай алышты.

Мобилдик технологиялар бизнести ыкчам жүргүзүүгө жана өлкөнүн башка бурчунда туруп эле маселелерин чечүүгө, чет өлкөлүк эксперттерден билим алууга жардам берет. Жогорку ылдамдыктагы технология кыргызстандыктар тарабынан көп керектеле баштады, акыркы 2 жылдын ичинде О! түйүнүнүн интернет-трафигинин көлөмү алты эсеге өстү. Бүгүнкү күнү смартфондор менен кыргызстандыктардын 70%ы колдонот.

О! Мобилдик операторунун байланышчылары байланыштын сапатын күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Түйүндүн сыйымдуулугу жана камтуусу боюнча жакында эле аткарылган жумуштар төмөндөгү аймактарды камтыды:

  • Чүй облусунда: Бишкек шаары жана Төш-Булак, Бөрүлү, Саз, Чолок-Арык, Первомайское, Дружба, Арал, Сокулук айылдары;
  • Ысык-Көл облусунда: Орто-Өрүктү айылы;
  • Талас облусунда: Кең-Арал, Көпүрө-Базар, Кара-Суу, Манас, Атай Огонбаев, Чыйырчык, Кара-Суу, Көк-Кашат, Манас, Талды-Булак, Ак-Коргон, Балбал, Козучак, Нылды, Көк-Ой айылдары;
  • Жалал-Абад облусунда: Таш-Көмүр, Токтогул шаарлары, Улук, Торук, Товар-Сай, Байкашка-Терек, Баймундуз, Бешик-Жон, Первое Мая, Кызыл-Октябрь, Шыдыр, Жаңы-Арык, Ак-Терек, Ак-Жол, Тегене, Базар-Коргон, Жеңиш, Кичи-Бүргөндү, Курама айылдары;
  • Баткен облусунда: Таш-Кыя, Пүлгөн, Кара-Дөбө,Үч-Коргон, Какыр айылдары.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! Мобилдик оператору –4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында дагы лидер болуп саналат. О! Мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 95%ын төртүнчү муундагы зымсыз технология менен камсыздап жатат.

Камтуу картасы www.o.kg сайтында "Түйүн камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
25.10.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогул районунун Актектир айылында 4G койулганы менен 2G дей эле иштейт интернет жокко эсе биздин айылга деле көңүл бөлүп койосуздарбы О!компаниясы
25.10.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay89,саламатсызбы.

Кайрылуунузду жазып алдык. Техникалык адистерибизге маалымат беребиз. Планга коюлат айылыныз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик операторунун командасы.
25.10.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okgmobile,Кемин районундагы Жол-Булак айылын качан коесунар? Ал жакта интернет эмес антена аран чыгат
25.10.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmat1985, саламатсызбы. Сурооңузга рахмат.

Сиздин районуңузга 4G базалык станция орноштуруу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы 6 айда коюлушу мумкун. Тилекке каршы, так убактысы белгисиз. Андан соң интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорулат.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: