Клиптеги баш каарман ырчы Нэнанын колун сурады. Ырчы буга эмне дейт?
"Сенин жаныңда" клибинде башкы ролду ойногон Сталбек Искенбеков менен.


"Сенин жаныңда" клибинде башкы ролду ойногон Сталбек Искенбеков менен.

Белгилүү ырчы, өзгөчө үндүү Нэнанын жеке жашоосунда өзгөрүүлөр болгон көрүнөт. Ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында шакектин жана өзүнүн клибинде роль жараткан баш каарман менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ырчынын күйөрмандары болсо көптөгөн суроолорду беришип, эки инсанга бакыт каалап өткөнгө да жетишкен.
Нэна жакында эле өзүнүн жаңы "Сенин жаныңда" аттуу клибин эл назарына коюп, анын бет ачарын өткөргөн. Экстрималдуу кадрларга толгон видеоклипти биринчилерден болуп көрүү үчүн сахналаш достору, ыр жана клиптин үстүнөн иштегендер келген.
Ырчы менен байланышканыбызда ырчы клиптеги башкы каарман ага алтын шакек тартуулаганы чын экенин айтып, калган маалыматты коомчулукка жарыялабоону чечкенин билдирди.
Аскадан секирип, вертолётто учкан Нэна
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Эмнеси болсо да Нена жакшы адам, бактылуу болушсун