Кашкар Жунушалиев: "Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кылмышты уюштурууга да, ишкерди өлтүрүүгө да мурдагы милиция кызматкерлери шектелип жатат"




Киши колдуу каза болгон ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кылмышты уюштурууга да, ишкерди өлтүрүүгө да мурдагы милиция кызматкерлери шектелип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Акипресс маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
"Бул кылмышты уюштурган Курманалиев 2016-жылы опузалап талап кылуу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Андан соң ал жумуштан бошотулган. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери 2010-2014-жылдары иштеген. Учурда бул иш боюнча 4 аткаруучу жана 3 катышуучу кармалган.
Бул жерде ачык эле тоноо болгон. Маркумду тоноо максатында анын артынан аңдышкан. Ошондой эле "Мадина" базары тарапта маалымат берип турган булагы да болгон. Учурда криминалдык милиция кызматы иштеп жатат. Маркум чет өлкөлүк жаран болгондуктан, бул иш өзгөчө көзөмөлгө алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун жанында 70 миң сом акча бар болгон. Шектүүлөр ал акчаны алып, дагы да талап кылышкан", - деген Жунушалиев маалымат агенттигине берген маегинде.
1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.









1 |