super.kg logo

Америкалык жаран жубайы менен түшкү тамактанууга келип, тамактын ичинен бермет таап алды

 

Америкалык жаран жубайы менен түшкү тамактанууга келип, тамактын ичинен бермет таап алды. АКШнын Нью-Жерси штатынын жашоочусу ресторандан тамак ичинен бермет таап алды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, түшкү тамактануу учурунда Антон Шермер оозуна катуу нерсе кептелип калган сыяктуу болуп, өзүн жаман сезип баштаган. Аягында ал тамактын ичиндеги кенедей бермет экенин түшүнгөн. Ресторанды деңиз молюскалары менен камсыздаган "Empire Oyster" компаниясынын өкүлү Кевин Жозеф мындай көрүнүштү укмуштуу окуя деп баалаган. "Мен өзүмдүн карьерамда жүз миңдеген деңиз молюскаларын ачкам, бирок бир дагы бермет тапкан эмесмин. Мен билем, кээ бир учурларда мындай нерселер Мексикадагы жылуу суудагы деңиз молюскаларында кездешет. Бирок бул өтө сейрек учурайт. Суудагы деңиз молюскаларынын ичинен мындай бермет чыгарын эч качан укпаптырмын. Мындай көрүнүштөр жашоодо өтө сейрек кездешет", - деген ал. Шермер деңиз молюскалары менен берметти ресторан ээсине белекке берген. Ал аны рамкага салып, бардын ичине илип коюуну пландап жатат. Берметти алып жүргөн деңиз молюскалары тамак-ашка колдонулбайт. Буга окшогон окуя мындан бир жыл мурун катталган. Анда америкалык жаран Нью-Йорк ресторанында буйрутма берип, андан берметти таап алган. Ал жерде иштеген башкы ашпозчулардын биринин пикирине караганда, мындай учурга экинчи ирет туш болуп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.10.2019. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ресторанды реклама кылуунун жакшы жолун тааптыр,бермет да ресторанда калыптыр.
Таап алган адам актёр кызматын аткарды да.)))
26.10.2019. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суроту кана
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: