super.kg logo

Алмазбек Атамбаевди камакта кармоо мөөнөтү узартылды

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакта кармоо мөөнөтү узартылды. Маалыматты Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев тастыктады.

Маалыматка ылайык, соттук кароо Атамбаевсиз өттү. Анда Биринчи Май райондук сотунун судьясы кийинки соттук отурумду 15-ноябрда өткөрүү токтомун чыгарды. Бул токтомго кошуп, Алмазбек Атамбаевди камакта калтыруунун мөөнөтүн соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин тактап айтканда, 2 айга узартты.

"Атамбаевди камакта кармоо бөгөт коюу чарасы соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин узартылды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүлөр 2 айга созулат. Мындай чечим жалгыз эле сот тарабынан кабыл алынды. Негизи сот бул маселени соттук алдын ала уктурууда карап, тараптардын оюн угуш керек болчу", - деди ал.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин ага коррупция, массалык баш аламандыкты уюштуруу, барымтага алуу, адам өлтүрүү жана башка оор кылмыштарга айыпталып жаткан. Анын бөгөт коюу чарасы 9-августта каралып, 26-августка чейин камакка алуу чечими чыккан. Андан кийин бул мөөнөт 26-октябрга чейин узартылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: