Орусиянын Мурино шаарында Кыргыз жараны октон жарадар болгон. Кийин ал ооруканадан качып кеткен
23-октябрда Орусиянын Мурино шаарында белгисиз адамдар Кыргыз жаранына карата ок чыгарышканы маалымдалган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышкан. Маалыматка ылайык, жарадар болгон адам бутуна жана көкүрөк тушка ок тийгени айтылган.
"Мурино шаарындагы Шувалов көчөсүн бойлой жайгашкан спорт аянтчасында белгисиз 2 адам Кыргыз жаранына тамеки сурап кайрылган. Бирок ал тамекисин берүүдөн баш тарткан. Ошол учурда кебетеси европалык болгон кишинин бири тапанча алып чыгып, жабырлануучуга карата эки жолу ок чыгарган. Андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен. Ал эми Кыргыз жараны ооруканага жеткирилген", - деп жазылган маалыматта.
SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен окуянын чоо-жайын сураганда, маалыматты тактап жатышканын билдиришкен.
Бүгүн, 25-октябрда жаракат алган бала ооруканадан качып кеткени маалым болду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдирди.
"Биз тараптан окуя боюнча тиешелүү органдардан маалымат алынды. Анда Санкт-Петербургда 30-35 жаштагы Кыргыз жаранына ок тийип ооруканага жеткизилгени аныкталган. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок түн ичинде ал белгисиз себептерден улам ооруканадан качып кеткен. Учурда иликтөө иши жүрүүдө", - деп жооп беришти элчиликтен.



