super.kg logo

Аламүдүн районунда жасалма документтерди жасап жүргөн аял кармалды

 
Кылмышка шектүү Рано Шарипова
Кылмышка шектүү Рано Шарипованын паспорту
Рано Шарипова өзүнө өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алган
Алдамчылык кылуу учурунда Мадина Аширбаевага таандык паспортту колдонуп жүргөн

Аламүдүн районунда алдамчылык кылмышына шектелип, 2008-жылдан бери издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектин 64 жаштагы тургуну Рано Шарипова кыймылсыз мүлктөргө жасалма документтерди жасап берип жүргөн. Ал мурун да “алдамчылык” беренеси боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган. Учурда бир нече адамдарга жасалма документ жасап берип, аларды алдагандыгы үчүн кылмышка шектүү №1-СИЗОго камалган. Тинтүү учурунда Ранонун жанынан өзүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, 1958-жылы туулган Мадина Ашырбаевага таандык паспорт (24-июлда Бишкек шаарындагы батирге ишеним кат жазып берүүдө ал ушул паспортту колдонгон) табылган. Азыркы малда аталган жарандын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Эгерде бул жарандан жабыркагандар болсо (0312) 43-01-27 номуруна же “102ге” чалууну Чүй ОИИБи эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: