super.kg logo

"Кыздар кыйкырык салган тойдогу массалык мушташ" деген видео тарады. Бул боюнча милициянын маалыматы

 

Интернет тармагына массалык мушташ чыккан учурда тартылган видео тарады. Анда мушташ той учурунда чыкканы көрүнөт. Мушташып жаткан адамдардын кыймылы даана көрүнбөгөнү менен аны карап турган кыздардын кыйкырыгы кимдир бирөөнү катуу сабап жаткандай ой калтырат.

Бул боюнча ички иштер органдарына кайрылганыбызда окуя Жалал-Абад облусунда болгондугун билдиришти. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы ал жерде көпчүлүк болгондуктан абалды мушташка жеткирбей ортодогулар эки тарапты бөлүштүрүп калганын белгиледи.

"Мушташ ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Ноокен районуна караштуу Достук айылындагы "Шаркыратма" кафесинде болгон. Бул факты боюнча Таш-Көмүр шаардык жана Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып териштирди.

Анда белгилүү болгондой, Аксы районунун Кызыл-Жар жана Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын үйлөнүү тою өтүп жатканда, анын катышуучулары арасында мушташ чыккан. Мындан улам 25 жана 23 жаштагы 2 жаран ооруканага жеткирилип, кайра үйүнө чыгарылган.

Тасмада көрүнүп тургандай жаңжал массалык мушташка жеткен эмес, болгону эки тарапта тең көпчүлүк болушкан жана ортодо балдар ажыратып калышкан. Бирок эки тарап тең арыз жазуудан жана дарыгерлерге көрүнүүдөн баш тартышкан. Ошого карабастан, факты боюнча Ноокен РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" (266-берене) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






Тойдо массалык мушташ чыкты

Тойдо массалык мушташ чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.10.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эээ укаларим ХХХХХ, денени боош коюп жоон эле тыынч эле жургулочу. Бироо жарым кокустук болуп олуп калса, майып болуп калса кимге пайда кимге зыян. Ушуну ойлодунарбы? ХХХХ. Баарынарга Кудай Таалам ынсап берсин.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-10-26 22:45:15
25.10.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
кыйкырган кыз башка нерсе менен алектенип жаткан жокпу
25.10.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чычкактар десе.Тобо келтирип эле тынч журсонор.Ансыз да омур кыска
26.10.2019. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз озунчо эле паника кылат го. Кыйкырган кыз соо эсен жанында бироо бар жигити)))
26.10.2019. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз кыйкырып көнүп калган окшойт ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: