Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоноого шектелген жаран боюнча кайрылуу жасады (видео)
Ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жаран боюнча кайрылуу жасады. Атабеков ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүндү. Анын айтымында, алар жабырлануучу тарап болгондуктан, шектүү катары кармалган бала боюнча бир пикир айтуу али эрте. Анткени бул милиция кызматкерлеринин тергөөсүнүн жыйынтыгында аныкталат.
"Менин үй-бүлөмө тиешелүү кырсык боюнча айтып кете турган сөздөрүм бар. Кылмышка шектүү катары кармалган баланын апасы интервью берип, элде ар кандай ой-пикирлер жүрүп жатат. Мындан улам мен дагы үн катпай коё албадым. Албетте, ар бир эне баласын аппагым деп, аны коргойт. Бирок мен азырынча кармалган жигитти күнөөлүү же күнөөсүз деп бир тараптуу эч нерсе айта албайм. Анткени учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Качан гана соттун чечими чыкканда бир тараптуу пикиримди билдиришим мүмкүн.
Ал эми жабык баракчаларга кирип алып, Мирбек Атабеков күнөөсүз баланы карматып, апасын ыйлатып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Айланайын бир туугандарым, мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап? Кудайга шүгүр, менин андан башка толгон токой жумуштарым бар. Биз жабырлануучу тараптабыз. Кылмышкерлер энеме кол көтөрүшкөн, 60 жаштагы энемдин кабыргасы сынган. Апамдын абалын көрүп жүрөгүм ооруду. Ал окуядан кийин көпкө чейин нес абалда жүрдү. Алар мейли акчаны, алтынды, балекеттин баарын алсын, ага дооматым жок. Акча, алтын табылат. Бирок бейкүнөө энеме эмне үчүн кол көтөрүшөт? Окуяга тиешеси бар, кылмыш кылган адамдар толук кандуу жооп бериши керек. Ал эртең боштондукта болсо, башка адамдарды жабыркатып кетиши мүмкүн. Бул ишти адилетүү чечип беришин милиция кызамткерлеринен сурайм жана жаратканымдан бул үчүн дуба-тилек кылам", - деди Атабеков.
Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. Кийин ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Каракол шаарынан Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясы тарабынан Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип Б.М. аттуу 24 жаштагы жаран кармалган.
Кийин шектүү катары кармалган жарандын апасы Жыпаркүл Иманкалиева баласы күнөөсүз кыйноого алынганын жана бейкүнөө камалганын айтып чыккан.
Андан көп өтпөй, Октябрь РИИБи тарабынан уурулук боюнча Атабековдун үйүн тоноого шектелип кармалган жаранга дагы бир айып тагылган. Октябрь РИИБи кылмышка шектүү 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушундагы үйдө болгон уурулукка катыштыгы бар деп маалымат тараткан.
Мирбек Атабеков: "Энемди сабагандар жазасын алышы керек"








1 |