super.kg logo

"Вы самое слабое звено, прощайте". Орусиядагы белгилүү көрсөтүү кайрадан эфирге чыга баштайт

 

Орусияда 2000-жылдардын башында көрсөтүлүп, миллиондогон аудиторияга ээ боло алган “Слабое звено” телевикторинасы кайрадан эфирге чыкмай болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ага ылайык, популярдуу телевикторина 2020-жылдын февраль айынан баштап көрсөтүлө баштайт.

“2000-жылдан баштап 5 жыл бою эфирден чыгып келген “Слабое звено” көрсөтүүсү бир гана Орусияда эмес, коңшу өлкөлөрдө дагы популярдуу болгон. Телевикторинаны алып барган синхрондук сүзүү боюнча Олимпиада чемпиону Мария Киселеванын образы жана фразалары көрсөтүүнүн популярдуулугун арттырган. Эми “Слабое звено” “Мир” телеканалынан эфирге чыга баштайт. Ал эми алып баруучусу алмаштырылгыс Мария Киселева болмокчу”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, “Слабое звено” телевикторинасы интеллектуалдык көрсөтүүгө кирет. Анда катышуучулар жалпы билим боюнча таймашып, жооп бере албагандар алсыз звено катары оюндан четтетилет.

2004-жылы алып баруучу Мария Киселева жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу суроого жооп бере албай калган катышуучуну катуу сынга алганы маалым.






"Слабое звено" (Алсыз звено) көрсөтүүсүнөн үзүндү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
27.10.2019. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээххх...балалыыык...суроолорго түшүнбөсөкда тиктеп ким кетет, кимиси түшүп кетет деп отурчулекко
28.10.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile, ооба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: