"Биз да Кудайбыз, бизге да кылмыш ишин козгогула". Милиция Арстан Алайдын тарапташтарына кылмыш ишин козгобойт

Милиция кызматкерлери өзүн Кудай атаган Арстан Алайдын тарапташтарына кылмыш ишин козгобойт. Бул маалыматтын ырас экенин SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Буга чейин Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 3 миң сомдон айып пул салынган. Мындай жазага нааразы болгон Арстан Алайдын тарапкерлери арыз менен сотко кайрылган.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу") боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Анын "Кудаймын" деген сөзүнө диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган.
Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Ар ким озунун акылы менен кудайды тааныйт.Жараткан Аллахтын бар экенин табигаттан, жаратылыштан, адамды башкалардан жогору кылып жараткандан эле билсе болот го.