super.kg logo

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда катталган кырсыкта дагы 2 адам көз жумду. Кандуу кырсыктан жалпы 5 киши каза тапты

 

Кечээ, 25-октябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кырсык катталып, 3 адам каза тапкан. Кийин дагы 2 киши көз жумганы маалым болду. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирген.

“Аталган трассада Тойота-Камри үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, автоунааны башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп токтогон”, - деди ал.

SUPER.KG порталы Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө байланышканда маалыматты тастыктап беришти. “Кырсык 25-октябрда болжол менен саат 16:40тар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 44-чакырымында орун алган. Автоунаада жалпысынан 6 адам болгон. 3 адам, анын ичинде 5 жаштагы кыз окуя болгон жерде мүрт кеткен. Калган жүргүнчүлөр Кант, Токмок шаарынын ооруканаларына жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, дагы эки жүргүнчү анын ичинде 11 жаштагы бала көз жумду. Дагы бир жүргүнчү учурда Токмок шаарынын ооруканасында оор абалда жатат”, - дешти аталган бөлүмдөн.

Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.






Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
26.10.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ээ секин айдагылачы туугандар өзүңөрдөн коркпосонор да башка бирөөнүн ден соолугун ойлосонор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: