Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу алгачкы жолу Кыргыз өлкөсүнүн Кубогун утуп алды











Жалал-Абад шаарында 27-октябрда өлкө Кубогунун финалы өтүп, анда Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу "Дордой" менен кез келди.
Оюн "Курманбек" стадионунда өтүп, кочкор-аталык команда 1:0 эсебинде утуп алышты. Жалгыз голду Азамат Өмүралиев 64-мүнөттө киргизди. Муну менен "Нефтчи" өз тарыхында алгачкы ирет өлкө Кубогуна ээ болду.
Буга чейин "Нефтчи" 2010-жылы чемпион болгон. Ал командада азыркы Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ойногон.
Эми "Нефтчи" 2020-жылы Азия футбол конфедерациясынын Кубогу үчүн квалификациялык оюндарга катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nurgazy80

28.10.2019. 17:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар!!! Бул жеңиш область үчүн стимул болот.
Babi.

29.10.2019. 21:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочкор Ата , Нефтчи алга!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.