Бишкек шаарына ноябрь айынан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте ноябрь айынан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, 28-октябрда шаар мэри Азиз Суракматов күз-кыш мезгилине карата Бишкектеги райондордун кышка даярдыгын текшерип чыкты.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө турак жай маселеси боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровго жылуулук мезгилине карата штабдын отурумун өткөрүп, шаарга жылуулук берүү иштерин баштоо жоопкерчилиги жүктөлдү. Алгач жылуулук муниципалдык имараттарга, анын ичинде бала- бакча, мектеп, ооруканаларга биринчилерден болуп бериле баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, мэрия шаар тургундарын жылуулук системдерине профилактикалык иштерди жүргүзүүнү унутпоону эскертти.
Былтыр күз-кыш мезгилине карата даярдык эрте башталып, 18-октябрдан тарта эле мектеп, бала бакча, ооруканаларга жылуулук бериле баштаган. Ал эми 2017-жылы борбордук жылуулук тармагы 17-октябрдан тарта иштеп баштаган.






1 |