Финансы министри: "Дарыгерлердин айлыгын көтөрүү боюнча систем азырынча тактала элек"
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Руслан Казакбаев мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы качан көтөрүлө турганын сурады.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мугалимдердин айлыгы октябрь айында көтөрүлгөнүн айтты. Ал эми дарыгерлердин айлыгы боюнча систем азырынча тактала электигин билдирди.
"Дарыгерлердин айлыгын көбөйтүү үчүн 2020-жылы 700 миллион сом каралып жатат. Бирок кандай эреже менен айлыктары көтөрүлө турганы аныктала элек", - дейт министр.
Учурда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында бюджет долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Айлыктын аздыгынан жаш кадрлар иштегиси келбей жатышат оорукаларга.
Кыйратып айлык төлөшбөйт,текшеруусу андан көп,тапкан экенсиңер текшерчү жерди,коррупцияга малынган ишканаларды катуу текшергенди уйрөнгүлө.