Нарын. Облуста 7 айда жол кырсыгынан 29 адам каза тапкан
Бактыбек Касымов - Нарын ОИИБнын Жол кайгуул кызматынын башчысы
Нарын облусу боюнча 29 гана Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери иштөөдө. 12 кызматкер өткөн айларда болгон аттестациядан өтпөй калышты. Нарын районунда жол кырсыктары көп болуп жаткандыктан, Кочкор районунан бир МАИчи убактылуу иштөөгө чакырылган. Маалыматты Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Бактыбек Касымов билдирди. 2013-жылдын 7 айында облуста 63 жол кырсыгы катталып, 29 адам каза тапса, 99 адам жаракат алган. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын 5 пайызга, андан каза тапкандардын 15 пайызга, жаракат алгандардын 16 пайызга өскөндүгүн билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















