Чүйдө 48 жаштагы жаран дайынсыз болуп изделүүдө
Чүй облусунда 48 жаштагы Таасир Өмүркулов аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Сокулук РИИБинин маалыматына ылайык, ал ушул жылдын 16-октябрында Жангарач айылындагы Жыламыш көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
Изделип жаткан жарандын бою 165-170 сантиметр, чачтары ак ала, бетинин түзүлүшү сүйрү. Үстүнө аба ырайына ылайыктуу кийим кийип жүргөн.
Эгерде Таасир Өмүркуловду көрүп билгендер болсо же жүргөн жери тууралуу маалымат болсо милиция кызматкерлери 102ге чалууну өтүнөт. Же төмөнкү номерлер аркылуу байланышсаңыздар болот.
Байланыш номерлери: 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.