super.kg logo

Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан унаанын багажынан чет элдик жарандар табылды

 

Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар Кыргыз өлкөсүнө келүүгө аракет кылышкан. Алар Красноярск крайындагы Р-255 "Сибирь" унаа жолунан кармалды. Орусиялык басылмалар мыйзамсыз жүргөн делинген жарандарды Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобустун багажынан табышкан.

Маалыматка ылайык, кичи автобустун ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Алар Якутиядан Кыргыз өлкөсүнө сапар алганы маалым болгон. Ал эми автоинспекторлор унаанын багажында жарандыгы белгисиз болгон 3 киши бар экендигин аныкташкан.

Багажда бара жаткандар чет өлкөлүк жарандар болушкан. Алар Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы аныкталгандан кийин полиция бөлүмүнө жеткирилген. Мигранттарга карата административдик протокол түзүлүп, аларды өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе каралып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Мигранттарды ташып бара жаткан айдоочу жоопко тартылды. Анткени айдоочуда камсыздандыруучу кагазы жана унаасында ылдамдыкты көрсөтүүчү каражаты жок болгон. Ошондой эле салондогу үч жүргүнчү коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айдоочуга айып пул салынат. Кийинчерээк белгилүү болгондой, айдоочунун жүргүнчү ташууга уруксат кагазы болгон эмес. Мындан улам, кичи автобус атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.10.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай келесоолордун зыяны башкаларга тиет, акчага кызыгып салса керек,эми ошонун азабын тартат адам өзүн эле ойлобой тегерегиндеги башкаларды ойлош керек го ушул нерсени кылсам башкага зыяным тийбейби ушул нерсе буйурабы деп.
29.10.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча деп эле Кыргызстандын жараны эместерди дагы ташып келе бересиңерби Кыргызстанга?!
29.10.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигил айдоочу сөөрөй керектүү кагаздарды албай эмне кылып жүрөт?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: