super.kg logo

ЖЭБ соту боюнча Бакиевдердин достору Алексей Елисеев менен Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрү каралат

 

ЖЭБ соту боюнча далилдердин жетишсиздигинен улам Бакиевдердин достору Алексей Елисеев менен Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрү каралганы жатат. Бул тууралуу мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев жазган. Жактоочу Жоошевдин айтымында, Елисеев менен Ширшов 2018-жылы УКМК тарабынан Латвияда суракка алынган.

"23-октябрда ЖЭБ соту боюнча прокурорлор ЦАРИИнин (ред. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик. Аталган агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев болуп турган) жетекчисинин орун басары болгон Алексей Елисеев менен "Электр станциялары", "Түндүк электр" ишканаларынын финансы боюнча мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүн окуусун суранган. Бул адамдар Кыргыз өлкөсүндө соттолуп, издөөгө алынган.

Бул жерде аябай кызыктуу жагдай жаралууда. Соттун чечими боюнча кармай албай жаткан адамдарды тергөөчүлөр кантип бат таап, алардан көрсөтмө алып жатышат? Мыйзамга ылайык, күбө сотко келип, соттун алдында көрсөтмө бериши керек. Ал эми сотто күбөнүн катышуусусуз көрсөтмөсүн окуу бир гана ал оор абалда болсо, же кайтыш болуп калса уруксат бериле
т", - деп Фейсбук баракчасына Жоошев жазган.

Бүгүн, 28-октябрда Алексей Елисеевдин бул окуяга байланыштуу берген комментарийлери "24.kg" жана "Азаттыкта" жарыяланды. Елисеев өз маегинде азыркы учурда ЖЭБ боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин жана анын көрсөтмөсүн сотто Сапар Исаковго жана башка айыпталуучуларга каршы колдонууга аракет кылып жатышканын айткан. "Исаков кытайлардын коррупциялык сунуштары тууралуу ал учурда ээлеген кызматы боюнча билиши мүмкүн эмес эле. Ал долбоорлордун жана макулдашуулардын маңызы менен эмес, ЦАРИИнин эл аралык жолугушууларынын протоколдору менен гана алектенген", - дейт Елисеев.

Андан ары Алексей Елисеев Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык тармагында мафия иштеп келгенин айтып берген.
"2010-жылкы төңкөрүшкө чейин да, кийин да энергетика жаатында мафия иштеп келген. Мафия - бул Бакиев же Ширшов да эмес, Исаков жана Атамбаев да эмес... Алар төмөнкү жана байкалбаган позициялардан эле коррупциялык иштерди башкарып, өлкөнүн жогорку жетекчилерин "сатып алып" же алдап келген. ЖЭБ боюнча күнөөлүүлөрдү бүгүнкү айыпталуучулардын арасынан издебей эле коюш керек", - деп билдирген ал.

Башкы прокуратура өз учурунда Алексей Елисеев менен Алексей Ширшовдон көрсөтмө алынганын жана ал көрсөтмөлөр ЖЭБ боюнча кылмыш ишине киргизилгенин ырастаган. "Бакиевдин достору" боюнча Алексей Елисеев, Сапар Исаков жана Айбек Калиев ЦАРИИде Максим Бакиевдин жетекчилигинде иштешкен. Калиев анда эксперт болсо, Исаков жетекчилик кызматта болгон", - деген маалыматты Башкы прокуратура тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.10.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максим 150 млн долларга түзгөн келишимди эмнеге Сапар 386 млн долларга баалаган түшүнүксүз
28.10.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз энергетикасын сазга батырып кеткен Ширшов кычкач 630 долларга арзан алынган десе таң калбайм
chake түзөттү 2019-10-28 19:00:08
28.10.2019. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул эврейлердин сөздөрүнө ишенип жатасынарбы алар Кыргызстанды олтургузуп эмес жаткызып эле кетти го.
28.10.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Елисеевдин айткан созундо чындык болушу мумкун.Акаев,Бакиев,Атамбаев убагында мафия же комускодогу адамдар бийликтин иштерине тоскоолдук жаратып келиши мумкун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: