Орусиянын Алтай аймагында катталган жол кырсыгы. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок
Орусиянын Алтай аймагында орун алган жол кырсыгында жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда Алтай аймагынын “Барнаул-Рубцовск” федералдык унаа жолунун 74-чакырымында Фиат Дукато үлгүсүндөгү кичи автобус менен Ниссан үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 8 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, жергиликтүү ооруканаларга жаткырылган. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.