super.kg logo

Кашкар Жунушалиев ИИМдин бир катар жетекчилери өз иштерин толук аткарбай жатканын айтып, эскертүү берди

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын кечээ, 28-октябрда өткөн коллегияда сындады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министр башкы башкармалык алдын ала иш-чараларды өтө төмөн уюштургандыктан, жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын айткан. "Качанга чейин уюштуруу иштерин колго албай, жарандардын коопсуздугун ойлобой келебиз. Канчалаган жарандарыбыз жол кырсыгынан каза болуп, канчасы жаракат алууда. Бул багытта кескин чараларды көрүү керектигин эскертемин", - деди министр.

Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге эскертүүлөр берилип, жыл жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди. Ал эми ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызмат ордуна ылайыксыздыгы эскертилип, кыска мөөнөттө ишти колго албаса мындан да катуу чаралар көрүлө тургандыгы айтылды.

Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан кылмыштын бетин ачууда, баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жыйынтыктар жакшы болбой жаткандыгы айтылып, ИИМдин кызматтык жетекчилери жана региондордогу жетекчилерге эскертүү берилди.

Коллегияны жыйынтыктап жатып, министр Жунушалиев келтирилген кемчиликтер тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүсүн баса белгилеп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
29.10.2019. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бейкүнөө жарандарды кылмыш кылдың деп кармабаса болду эми булар жок жерден мойунга илип а результат көрсөтүп
29.10.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бат баттан эскертип туруш керек. ошондо гана кыймылдай башташат.
29.10.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кашкар Жунушалиев өз жумушун жакшы билет. Ал милиция кызматкерлери менен кантип иштешкенди да алар менен иш алып баруунун жол-жоболорун мыкты билет.
29.10.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кашкар джунушалиев туура маселе котруптур ИИМ бугунку кундо Асановго окшогон крысалардан толлук арылбаса откондогудой окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт
29.10.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озуно эскертуу берген киши жок. Эшекке минген жолоочудай иш алып барат.
29.10.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жетекчи деген ушундай иштоосу керек.
29.10.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматуу министр мырза маи кызматкерлерине эскертип койуңузчу менчик унаалары менен Кара-Балта Бишкек жолунда көрүнгөн бакка жашынып алып жөн эле токтото беришпесинчи сураныч сизден!
29.10.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупциянын гулдогон ордосу ИИМ!!!
29.10.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзүле ишин жакшы аткарып жатыптырбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: