"Баткен окуясына 20 жыл". Бишкекте Баткен окуясында курман болгондордун элесине арналган иш-чаралар өттү







Ушул жылдын 26-октябрында 1999-2000-жылы орун алган Баткен окуясына 20 жыл толгон. Ага байланыштуу Бишкек шаарында окуянын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда шаардын ар бир району Баткен окуясына карата иш-чара өткөргөн.
“Бул акцияга Баткен окуясында курман болгондордун жакындары, Баткен окуясынын ардагерлери, кандуу окуяда мекен үчүн кызматын өтөгөн аскер кызматкерлери чакырылган. Мындан тышкары, иш-чарага Генералдык штабдын, шаардык, райондук администрациянын жетекчилери дагы катышты. Ал эми шаардык мектептердин окуучулары Баткен окуясына карата даярдалган концерт тартуулашты. Бүгүнкү күндө шаар боюнча Баткен окуясынын 192 катышуучусу катталган”, - дешти мэриядан.
Маалым болгондой, 1999-жылы август айынын башында диний экстремисттердин тобу Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүнө басып киришип, Баткен облусунда лагерлерин курган. Ал бандиттик топ Өзбекстанга коридор куруп берүүнү талап кылган. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук администрациянын кызматкерлерин жана япондук төрт геологду, карапайым адамдарды дагы барымтага алган.
Кандуу окуяда Кыргыз тараптан 35ке жакын адам курман болуп, бир нече аскер оор жаракат алган.
1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга ошол кездеги өлкө башчы Аскар Акаев кол койгон.



