Активисттер социалдык тармактар аркылуу Кыргыз өлкөсүндө сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга каршы кол топтоп башташты
Жарандык активисттер Кыргыз өлкөсүндө сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга каршы кол топтоону башташты. Бул тууралуу "change.org" сайтында жайгашкан петициядан улам маалым болду.
Анда активисттер сейрек кездешүүчү жаныбарларга аң улоого тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл албай койгон депутаттарга кайрылган: "Биз депутаттардын бул мыйзам долбооруна кайрылып келип, жоголуп бара жаткан жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салган мыйзамды колдоп берүүсүн талап кылабыз", - деп жазылат кайрылууда.
Эске салсак, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ал колдоого ээ болгон эмес.
Мындан улам коомдо депутаттардын чечимине карата терс пикирлер айтыла баштаган.
Ал эми SUPER.KG порталы бул маселе боюнча депутаттарга "Кайберендерге аң уулоого тыюу салуу мыйзам долбоорун парламент депутаттары колдобой коюшту. Депутаттар кыргыздын экологиясын сактоону каалашпайбы?" деген собол салган.



