Депутат: "Элде Кытайга мамлекет карызды төлөй албай калса, жерибизди алып коёт деген ой бар. Бул боюнча өкмөт так жооп бериши керек"
Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Касымалиева өлкөнүн тышкы карызы, анын ичинде Кытайга канча карызы бар экенин сурады.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жалпы карыз 4 миллиард 4 миллион долларды түзөрүн айтты. "Анын ичинен 600 миллион доллар ички карыз, 3 миллиард 7 миллион доллар тышкы карыз. Анын ичинен Кытайга болгон карыздын суммасы 492 миллион доллар болуп жатат. 2025-жылдан баштап негизги сумманы төлөйбүз", - деди министр.
Касымалиева Кытайга карызды кантип төлөйбүз деп суроо узатты. "Кытайга болгон карыздан кантип кутулабыз? Төлөй албай калсак, жерибизди алып коёт деген пикирлер жаралып жатат. Бул боюнча өкмөт так маалымат бериши керек. Бизде карыздан кутулганга ушундай план бар деп жоопкерчиликтүү бирөө айтышы зарыл. Так маалымат болбосо, элде бүдөмүк ойлор жарала берет. Конференция өткөрүп, өкмөттө жооп болушу керек эле. Албетте, силер "2025-жылга чейин иштебейбиз, биздин жоопкерчиликте эмес деп ойлошуңар мүмкүн", - дейт Касымалиева.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов карыздан кутулуу боюнча өкмөттүн планы бар экенин айтты. "Биз деле кооптонуп жатабыз. Иштебей калсак деле Кыргыз мамлекетинде жашайбыз да. Бул тууралуу маселе чыкканда өкмөт так маалымат берген. Кытай менен болгон макулдашууда жерди алып коюу маселеси каралган эмес.
Кыйынчылыктар бар, бирок Кудай буюрса, карызды төлөйбүз. Акыркы мезгилде бюджет, ИДП өсүп жатат. 2025-жылга чейин даярдык көрүп, карызды төлөйбүз", - дейт Боронов.
Касымалиева "Кудай буюрса төлөйбүз" деген сөздү чечмелеп берүүнү талап кылды. Ошондой эле ал карыз эмненин эсебинен төлөнө тургандыгын сурады.
Боронов: "Киреше каражаттардын эсебинен төлөйбүз. Так план жок деп айтканга болбойт. Чыгашаларды азайтканга туура келет", - деди.
Касымалиева карызды төлөө боюнча планды Жогорку Кеңешке тез арада алып келүү керектигин билдирди. "Карызды буюрса төлөйбүз деген мамиле менен алынган. Карыздан кутулуу боюнча планды Жогорку Кеңешке тез арада алып келгиле", - деди депутат.
Боронов: "Ал убакытка чейин иштебей калабыз деген ой менен отурасыңар деген пикириңизге каршымын. Кудай буюрса, көп жыл иштейбиз деген ой бар. Кудайды кошуп сүйлөгөнүмө капа болбоңуз", - дейт.
Касымалиева: "Мен ал тууралуу айткан жокмун. Жоопкерчилик боюнча айтып жатам", - деди.




жаны курулуп жаткан Ош-Бишкек жолу,
ТЭЦ Бишкек
Камбар Ата Геси Кытайлардын карамагына отот,биздикилер карызды алып жатканда ушуларга макул болуп ратификациядан откоруп кол коюп беришкен