"Тазалык" Футбол боюнча Кыргыз курама командасында ойногон жумушчусу менен тааныштырды

"Тазалык" муниципалдык ишканасы буга чейин анда иштеген таланттуу жумушчусу Адилет Туратбек уулу менен тааныштырган. Шаардын тазалыгын камсыздагандардын арасында профессионал спортчулар да бар экенин бүгүн, 29-октябрда "Тазалыктын" маалымат катчысы билдирди.
Анда ал Лейла Касько аттуу жумушчусу менен тааныштырды. Ал 8 жыл аялдар арасындагы футбол боюнча Кыргыз курама командасында ойногон профессионал спортчу.
"Бүгүн Лейла менен болгон маекте анын сүйүктүү командасы "Бавария" экенин айтты. Унааны карасам дал эле ошол команданын логотиби түшүрүлгөн кепка бар экен. Бир кезде Германиядан алып келген болчубуз. Ал кепканы Лейлага бердик. Ага ал кепка абдан жарашып калды", - деп жазат "Тазалыктын" маалымат катчысы.
Маалыматта Лейла Касько күндө таңга маал Иваницина көчөсүн шыпырары жазылган.
"Тазалык" Футбол боюнча Кыргыз курама командасында ойногон жумушчусу менен тааныштырды




1 |