Мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат

Өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мугалимдер өздөрүнүн айлык акыларынын көбөйтүлүшү боюнча тиешелүү бухгалтериядан тактап, маалымат алышууда. Ноябрь айынан баштап ар бир мугалим көбөйтүлгөн айлык акы алат.
Санариптештирүү жылынын алкагында жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты. Ноябрь айынан баштап бул систем Ысык-Ата жана Түп райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери окуулардан өтүшөт.
2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Муну менен айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгып, бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт.







1 |