super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчынын орун басары мунапыс жөнүндө мыйзамды кабыл алуу өтүнүчү менен төрагага кайрылды

 
Акыйкатчынын орун басары Муктар Кожошев төрага Асылбек Жээнбековго адам укуктарынын бүткүл декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө мыйзамды кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Кайрылуусунда, акыйкатчынын орун басары быйылкы жылдын 1-июлуна карата жазалангандардын саны 10 миң 96 адамды түзөрүн билдирген. “Жаза өтөөчү жайларда ишканалар жок, жазалангандардын 10 пайызы гана иш менен камсыз болуп, калган 90 пайызы ишсиз отурат. Буга байланыштуу кылмыштар көп катталууда. Мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынган учурда, камалгандардын бир бөлүгүн абактардан бошотуу менен, тамак-аштарга жана дары-дармектерге кеткен каражаттар үнөмдөлөт. Акыркы жолку мунапыс 2012-жылдын 22-июлунда Кыргызстандын эгемендүүлүктү алган күнүнө карата болгон. Андан бери мунапыс жарыяланган эмес. 2012-жылы парламент тарабынан демилгенленген мыйзам долбоору кандайдыр бир себептерден улам каралбай калган”,- деп жазылган кайрылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: