super.kg logo

Швециялык экоактивист кыз 46 миң евро сыйлыктан баш тартты

 

Грета Тунберг "Түндүк кеңеш" уюмунун сыйлыгын алуудан баш тартты. "Түндүк кеңеши" айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы швециялык экоактивист Грета Тунбергдин БУУнун климаттык саммитиндеги сүйлөгөн сөзү үчүн сыйлады, бирок ал сыйлыкты алуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, жыл сайын кеңеш адабияттагы, музыка дүйнөсүндөгү, кино тармагындагы, айлана чөйрөнү коргоодо активдүү инсандарга сыйлык тапшырып келет. Тунберг бул жылы дароо эки өлкөдө Норвегия жана Швецияда сыйлыкка көрсөтүлгөн. Анын аты аталганда ал чыккан эмес, анын климаттын өзгөрүүсү менен күрөшкөн эки курбусу ордунан турушкан. Алар Тунберг Калифорнияда экендигин, ким сыйлыкка көрсөткөн болсо, аларга ыраазычылык билдирерин жана сыйлыктан баш тартуу чечимин кабыл алганын айтышкан. Курбусу анын жазган билдирүүсүн окуп берген. "Биздин өлкө башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп нерселерди жасоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок ошого карабастан, эч нерсе жасашпайт. Эгер сиздер климаттын өзгөрүүсүнө каршы окумуштуулар, мен айткан сунуштарга карата эч бир аракет жасабасаңыздар Швециядагы "Fridays for future" кыймылы "Түндүк кеңештин" сыйлыгын алууга арзыбайт", - деген экоактивист Тунберг. Ал дагы климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү сыйлыктан дагы жогору турарын айтып, негизгиси мамлекет бул нерсени угушу керек деген пикирин билдирген. Сыйлык статуэтка жана акчаны кошкондо 350 миң крон (46,8 миң евро) турат.

"Түндүк кеңеши" - Түндүк Европа өлкөлөрүндөгү Дания, Исландия, Норвегия, Швеция жана Финляндиянын парламенттик кызматташтык бирикмеси. 1952-жылы түзүлгөн.

2019-жылдын 23-сентябрында БУУнун Нью-Йорктогу саммитинде Грета Тунберг климаттын өзгөрүүсү тууралуу сүйлөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.10.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыйын кыз экен
30.10.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhykyo,Политика да кадимки эле
30.10.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Напси эркекче экен. Ушундай муун келсе биздин бийликке.
30.10.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин депутаттар болгондо тыйынан бери алып алса керек эле, климатыңы урганым барбы деп...
31.10.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча акылдуу кыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: